Курманбек Ниязбеков Махаммаджанович - 1989-жылы 4-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында төрөлгөн. Атасы Ниязбеков Махаммаджан, апасы Алимбекова Мариям, дыйкан чарба менен алектенишет. Үй-бүлөдө 6 биртуугандын улуусу[1].

Билими:

- 1996-жылы Өрүктү-Сай айылынын Ж.Бешимов атындагы №18-орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2007-жылы бүтүргөн.

- 2007-2008-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинде 1 жыл немец тилин өздөштүргөн.

- 2009-2013-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын «Актёрдук искусство» адистиги боюнча «Театрдын жана кинонун актёру» кесибине ээ болгон (устаты Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев);

- 2013-2017-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Режиссура» бөлүмүндө билимин жогорулатып, «Драмалык театрдын режиссёру, педагог» адистигин ийгиликтүү аяктаган (устаты КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров).

Эмгек жолу:

2008-жылы студент кезде «Кыял» улуттук көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде «Кийизден бут кийим жасоочу чебер» катары иштөөдөн эмгек жолу башталган.

2012-2013-жылдары окуу менен айкалыштыруунун негизинде Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында костюмер;

2012-2013-жылдары Манас жаңырыгы телеканалынын «Таңкы шоола» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2013-2020-жылдары А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында актёр;

2014-жылы Санат телеканалынын «Театр жана тасма тагдыры» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2016-2019-жылдары КТРК Баластан каналындагы «Таалимтай» телеберүүсүнүн актёру;

2017-2019-жылдары Пирамида телеканалынын «Таңкы тамаша» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2019-2022-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Актёрдук чеберчилик» сабагы боюнча окутуучу;

2019-2022-жылдары КТРКнын «АБАЗ» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2020-2021-жылдары А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси кызматын аркалаган;

2022-жылы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын режиссер-коюучусу;

2022-жылы 7-каналда кабарчы, алып баруучу, диктор, ошондой эле «Тамсил түрмөгү», «Поэзия поезди», «Моно-премьера» берүүлөрүнүн автору;

2022-жылдын ноябрь айынан тарта Маданият министринин чечимине ылайык Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын көркөм жетекчиси болуп иштөөдө.

Токтоболот Абдумомунов атындагы театр окуу жайында ойногон ролдору:

·  Дили кара – «Айкөлдүн аманаты» автору: Т.Актан, реж: З.Сооронбаев;

·  Абыл – «Адам жана азезил» автору: Ж.Садыков, реж: М.Козукеев;

·  Искендер – «Төрт адам» автору: М.Байжиев, реж: З.Сооронбаев.


Театрда жараткан ролдору:

·  А.Грибоедов - «Акылдан азап» спектакли - Загорецский (реж: Т.Захарова - 2013);

·  «Играем Андерсена» спектакли - Үндүк (реж Б.Парманов - 2013);

·  «Очень  простая история» спектакли - Короз (реж: Б.Парманов - 2014);

·  Дзюнздю Киносита - «Каркыранын канаты» спектаклинде – Ундзу (2014-ж);

·  «Сыйкырдуу тарсылдак» жомогу - Түлкү (реж: Б.Парманов - 2014-ж);

·  «Сапарда» драм концерти - Актер (реж: Б.Парманов - 2015-ж);

·  «Новогодние детективы» жомогу - Винни-пух  (реж: Р.Орозакунов - 2018-ж);

·  А.П.Чехов - «Алчалуу бак» спектакли - Б.Б.Пищик (реж: Т.Захарова - 2019-ж).

Режиссёрлук эмгектери:

·  Дипломдук иш - «Өлтүрчү, мени Кымбатым» автор: Азиз Несин (Бишкек драм - 2017);

·  Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин «Ырперия» чыгармачылык кечеси (Филармония- 2018);

·  «Акын Табылды Мукановду эскерүү кече» (Филармония - 2018);

·  Нооруз майрамдык иш чара (Ала-Тоо аянты- 2018);

·  «Уурдалган тоок» жана «Адам бол» соттук спектакли (Туңгуч театры - 2018);

·  «Ак илбирсти сактап калалы» моно-спектакль (Көчмөндөр оюну, Кырчын - 2018);

·  Акындар: Максат Жангазиев, Умар Нусубалиев, Мырзайым Айтимбетовалардын «Поэзия поезди» аттуу поэзия кечеси (Филармония- 2019);

· Обончу-аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун «Сезимдеги аккорддор» (Кыргыз драма театры - 2019) жана “Сүйүү гаммасы” концерти (Филармония - 2022);

· «Сыйкырдуу так» жомогу (Баткен театры - 2019);

·  «Атадан калган туяк» спектакли (Баткен театры - 2020);

·  Ч.Айтматовдун чыгармаларынан куралган «Айтматов ааламы» композициялык спектакли (Баткен театры - 2020);

· Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун “Арзуумду жаздым ыр кылып” аттуу 70 жаш юбилейлик концерти (Филармония - 2022);

· Кыргыз улуттук «Манас» театрынын алгачкы концерти (Кыргыз драма театры - 2022);

· «Жаңы жылга карата, жагымдуу ыр тамаша» концерти (Жалал-Абад филармониясы - 2022);

· Жалал-Абад шаарынын Нооруз майрамы (борбордук Эркиндик аянты - 2023);

· «Кыйылган өмүр» мини спектакли (Барпы театры - 2023);

· Сузак районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Чаткал районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Ала-Бука районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Көк-Жаңгак шаарынын 80 жылдыгы (Көк-Жаңгак ш - 2023);

· Айры-Там аймагынын 70 жылдыгы (Ала-Бука р – 2023);

· Жалал-Абад филармониянын “Улут уңгусу” концерти (Кыргыз драма театры – Бишкек - 2023);

· Ч.Айтматовдун чыгармалар топтому “Айтматов ааламы” композициялык спектакль (Жалал-Абад шаарддык сотунун кызматкерлери менен – 2023).

Тасма талаасында:

Ж.Б.Мольер «Сарданапал» кыска метраждуу фильминде «Дон Жуан» (реж: Т.Сарыбаев); «Эненин каты» кыска метраждуу тасмасында «Бала» (реж: Мансур-Бек Канназар); Ызы-чуу кинокомедиясында «Күйөө», «Маскарапоз» кинокомедиясында «Милиця» (реж: З.Жашасын), «Мекен» тасмасында сот-чиновник, адвокат (реж: Медер Жалилов).

Алып баруучу болгон мамлекеттик ири иш чаралар:

·  «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы (Баткен - 2021);

·  Мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдыгы (Ала-Бука - 2021);

·  Тоо театрларынын I фестивалы (Алай - 2021);

·  Санжыралуу Ноорузум концерти (Жалал-Абад ш - 2023).

Жетишкен ийгиликтери жана ведомстволук, мамлекеттик сыйлыктары:

· Бишкек жазы студенттик фестивалында «Мыкты тамсил айтуучу» (2013-ж);

· Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2017-ж);

· Асанбек Кыдырназаров атындагы Эргүү сыйлыгы (2020-ж); 

· А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын Ардак грамотасы (2020-ж);

· КРнын Баткен облустук Куралдуу күчтөрүнүн Ардак грамотасы (2021-ж);

· Алмас Сарлыкбеков атындагы республикалык сыйлык (2021-ж);

· Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Ыраазычылык каты (2023-ж);

· Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ыраазычылык каты (2023-ж).  

· Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы (2023-ж);

· Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын Ыраазычылык каты (2023-ж).

· Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси (2023-ж).

· Жалал-Абад шаардык сотунун Ыраазычылык каты (2023-ж).


Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жары Айтимбетова Мырзайым, акын-импровизатор. Бир уул, бир кыздын атасы.

Булактар түзөтүү