Курмангазы Азыкбаев [23. 2. 1962-жылы туулган, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылы] — флейтачы, чоорчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2006). 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын флейта (1992), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин флейта, композиторлук, дирижёрлук класстарын бүтүргөн. Окуу менен бирге «Семетей», «Наристе», «Ариет» аваздык-аспаптык топторунда, К. Орозов атындагы эл аспаптар, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын оркестрлеринде иштеген. 1991-жылы «Энесай» тобун уюштурган. Ансамблдин өзгөчөлүгү — кыргыздын элдик, ошондой эле улуттук композиторлорунун чыггармаларын заманбап эстраданын стилинде, көркөм боёктордо, көп түстүүлүктө бергендигинде. Курмангазы — флейтадан башка кыргыздын чоор, чопо чоор, сыбызгы, добулбас, ооз комуз, комуз ж. б. 22 музыкалык аспабында ойнойт. Алар үчүн элдик обон-күүлөрдү, обончулардын, композиторлордун чыгармаларын иштеп чыгат, аваздык, аспаптык чыгармаларды жазат. «Энесай» тобу Бүткүл дүйнөлүк «ЭКСПО-93» көргөзмөсүнө, 1994-жылы Берлиндеги Борбордук Азиянын музыкалык фестивалына катышкан. Түркия, Малайзия, Индия, Италия, АКШ, Япония, Индонезия ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. 2003-жылдан Аламүдүн райондук акимиатынын алдында уюшулган «Арка сыры» аттуу жаштардын фольклордук-эстрада тобун жетектейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү