Башбаракты ачуу

Курск салгылашы (1943) —Советтик Куралдуу Кучтөрдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941—45) 1943-жылдын 5-июлунан 23-августуна чейин Курск шаарынын жанында немецтик-фашисттик аскерлердин ири чабуулун үзгүлтүккө учураткан жана талкалаган согуш аракеттери. Курск салгылашуусу коргонуу салгылашы (5—23-июль) жана контр чабуул (12-июль—23-август) болуп 2 мезгилге бөлүнөт. Сталинград салгылашында (1942—43) жана Советтик Армиянын кышкы чабуулунун жүрүшүндө немецтик-фашисттик аскерлер жеңилгенден кийин, жоготкон стратегиялык демилгесин кайтаруу максатында немецтик-фашисттик командачылык советтик-германдык фронтто ири чабуул даярдаган. Бул үчүн душман бир учурда Орёл тараптан туштуккө жана Харьков жактан түндүккө сокку уруу менен Курскиде советтик аскерлерди курчап алууну жана талкалоону белгилеген. Операция «Цитадель» деп аталган. Салгылашка советтик аскерлер да даярданган. Курск урчугунун түндүк жагын Борбордук фронттун аскерлери (командачы армиянын генералы К. К. Рокоссовский), туштугун Воронеж фронтунун аскерлери (командачы армиянын генералы Н. Ф. Ватутин) коргогон. Булардын тылына жардам берүү үчүн (командачы генерал-полковник И. С. Конев) кучтуу стратегиялык резерв Талаа фронту коюлган. Фронттордун аракетин Жогорку Ставканын атайын өкулдөру, Советтик Союз. Маршалдары Г. К. Жуков, А. М. Василевский жетекчиликке алган. Немецтердин планы менен жакшы тааныш болгон советтик командачылык 1943-жылы 5-июлда (душмандын чабуулунан бир нече саат мурун) аларга каршы ири артиллериялык жана авиациялык чабуул уюштурган, натыйжада фашисттик армия көп жоготууга учурап, капыстан сокку ура албай калган. Ошол эле күнү фашисттик аскерлер Курскиге түндүк жана түштүк тараптан чабуулга өткөн, бирок жеңилип, коргонууга аргасыз болгон. 12-июлда Прохоровка районунда согуш тарыхындагы эң ири танк салгылаштарынын бири болгон. Ага 2 тараптан 1500дөй танк ж. б. оор курал-жарактар колдонулган. Душман бир күндө 350 танкын, 10 миңден ашык адамын жоготкон. 19-июлда Воронеж жана Талаа фронттору немецтик-фашисттик аскерлерди Курск аймагынан сүрүп чыгарган. Натыйжада Орёл, Белгород жана Харьков шаары бошотулган. Курск салгылашуусу 50 күнгө созулуп, душман 30дай дивизиясынан, 500 миңден ашык адамынан ажыраган. Бул салгылашууда Советтик Армия немис аскерлеринин акыркы чоң чабуулун үзгүлтүккө учуратып, советтиу-германдык фронтто стратегиялык демилгени биротоло өз колуна алган. Курск салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндөгү эң зор бурулуш болуп, гитлердик Германияны талкалоодо зор роль ойногон.

Колдонулган адабияттарОңдоо