Курт-кумурскачыл өсүмдүктөр

Курт-кумурскачыл өсүмдүктөр — курткумурскаларды кармап, кошумча азыктануучу автотрофтуу өсүмдүктөр. Курт-кумурскачыл өсүмдүктөр өскөн жерде азоттуу азык заттар, калий, фосфор жетишсиз болгондуктан, бул өсүмдүктөр жалбырагы менен курт-кумурскаларды кармап азыктанып, алардын ордун толуктайт. Жалбырагында азык заттарды эритүүчү ферменттерди жана орг. кислота бөлүп чыгаруучу безчелер болот. Ферменттер курт-кумурсканын денесин өсүмдүк сиңирүүчү жөнөкөй бирикмеге чейин ажыратат. Бул өсүмдүктөр курт-кумурсканы өзүнө тартууга жана кармоого татаал жана түрдүүчө ылайыктанган. Ыйлаакчалардын (баштык сымал органы бар) суу астындагы жалбырагында курт-кумурска кирүүчү тешикчеси болот. Тропик түрлөрүнүн жалбырагынын үстүнкү жак жээги жылмакай, кумурадай болуп, курт-кумурска жылмышып, анын ичине түшөт. Альдрованданын жалбырагы жабышкак зат бөлүп чыгаруучу бездүү кызгылт түктөрү менен кармайт. Айрымдарынын кармагыч жалбырактары чымын-чиркей конгондо жабылып калат. Кээ бир өсүмдүктөр жыты менен аларды өзүнө тартат да, ага конгондо жалбырагы бүктөлүп калат. Бир росянка күнүнө ондогон чымын чиркейди сиңирет. Курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн 6 тукумунун 500дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 20дай түрү мелүүн алкактын токойлорунда, азот, фосфор, калий жетишсиз жерлерде, көлмөлөрдө, саздарда өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү