Куруайрык тоосуТалас Ала-Тоосунун түндүк тармагы. Талас өрөөнүнүн түштүгүндө, Бешкөл, Армарал, Табылгыты (Үрмаралдын оң куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Талас районунун аймагында. Тоо меридиан багытында дого сымал 26 кмге созулат. Туурасы 9 км. Орт. бийикт. 3500 м. Эң бийик жери 4103 м. Түндүктөн түштүккө карай бийиктеп, Талас Ала-Тоосу менен тутумдашат.

Түштүгү аскалуу, мөңгүлүү, капталдары кыска жана тик, кокту-колоттуу. Түндүк жапыз бөлүгүнүн кыры тайпак, капталдары тик. Негизинен рифейдин кумдук, темгилдүү сланец, катмарлашкан акиташ теги, гравелит, филлит тектеринен түзүлгөн. Бадал токою аралашкан талаа жана шалбаалуу талаа (2900 м бийиктикке чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3400 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү