Курукол корукчасы
Курукол корукчасы — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы токой корукчасы (заказниги). Аянты 348 га. Карагай ареалынын батыш чет жакасындагы теңир-тоо карагай токоюн коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Анда карагайдан башка четин, долоно, зараң, катын жаңгак (афлатуния), изирик, табылгы жана ит мурундун бир нече түрү өсөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9