Курук-Көл
Курук-Көл — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 705 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол станциясынан 6 км. Калкы 4605 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9