Курулуш материалдары — имараттарды же башка жайларды курганда же оңдогондо колдонулуучу табигый жана жасалма материалдар. Курулуш материалдары курамы жана сапаты боюнча табигый таш (талкаланган, кесилген, жылмаланган); бириктиргич борпоң материалдары (кум, шагыл); орг. (битум, рубероид, толь, асфальт-бетон, аралашмалар ж. б.); органикалык эмес жабышкак материалдар (гипс, акиташ, цемент ж. б.); карапа материалдар (кыш, карапа ташы жана тактасы); жыгач (тактай, фанера); металлдар (болот прокаттар, арматуралар, имараттын каркастары, өткөргүч түтүктөр); жылуулук, суу жана үн өткөрбөөчү материалдар ж. б. болуп бөлүнөт. Курулуш материалдары колдонулушу боюнча фундаментке (бетон, таш, темир-бетон), дубалга (кыш, бетон, карапа, блок, панель), имаратты жабууга (темир-бетон такталары жана панелдери, көңдөй карапа, жыгач материалдары), полго (тактай, паркет, карапа такталары ж. б.), чатырды жабууга (черепица, сланец, шифер, жука темир жана чоюн такта), жылуулук жана суу өткөрбөөгө (минерал жана айнек кебездери, көбуктүү бетон жана айнек-жыгач була, кийиз, кебез, пергамин, сыр, лак, чопо, цемент ж. б.), кооздоо жана жасалгалоого (гранит, акиташ, мрамор, карапа такталары, шыбак аралашмалары, линолеум, кооз кагаз) ж. б. колдонулма материалдар болуп айырмаланат. Жалпысынан курулуш материалдарынын түрлөрү абдан көп, алар бири биринен сапаты, курамы жана арналышы боюнча айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү