Куршаб өрөөнү
Куршаб өрөөнү - Түштук Кыргызстандагы Карадарыя, Куршаб, Кысыкалма сууларынын шиленди конустарынан орун алган. Чыгышынан Карадарыя, батышынан Отуз адыр адырлары, түштүгүнөн Кысыкалма жана Төөчү адырлары, түндүгүнөн Кем-Пирабат босогосу мен чектешет. Узундугу 50 км, туурасы 30–35 км чамасында. Орточо бийиктиги 950 м. Антропогендин кум-чополуу, шагыл жана лёсс тектери менен капталган. Шералы дөңсөөлөрүндө лёсс катмарынын калыңдыгы 10—15 мге жетет. Климаты континенттик. Январдын орто температурасы —4,5°С, иуку 25–26°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Куршаб өрөөнү аркылуу Куршаб суусу өтөт. Өрөөндүн төмөн жагында Кемпирабад суу сактагычы курулган. Боз топурак басымдуу. Табигый өсүмдүктөрү: камыш, актикен, чычырканак жана башка. Маданий өсүмдүктөрдөн алма, өрүк, шалы, тамеки, таруу, жүгөрү, жүзүм, буудай жана башка өстүрүлөт. Өрөөндө Куршаб, Савай, Жаң-Арык жана башка кыштактар бар. Куршаб өрөөнүнөн Ошту Кара-Кулжа району менен байланыштырган автомобилдик жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9