Кустурма дарылар - кусууну пайда кылуучу заттар.

Кустурма дарылар мээдеги кусуу борборуна түздөн-түз таасир этүүчү (мисалы, апоморфин) жана карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, кусуу борборун рефлекс жолу менен козгоочу (термопсис жана башка) болуп бөлүнөт. Ал ууланууну, аракечтикти дарылоодо колдонулат.

Апоморфинди тери алдына сайып, андан кийин ичкилик бергенде оорулуу кусат. Бир нече жолу апоморфинди ичкилик менен коштоп бергенден кийин оорулууда ичкиликке туруктуу терс рефлекс пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8