Куталиева, Махабат Жумабековна

Махабат Жумабековна Куталиева – кыргыздын жаш журналист айымы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Махабат Жумабековна Куталиева 1989-жылы 9-июнда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Улуту кыргыз. Атасы Жумабек Куталиев 1960-жылы Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Энеси Айгүл Икремова 1965-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Кум-Арык айылында туулган. Экөөнүн тең кесиби – физика мугалими. Махабат Куталиева 1995-2006-жылдары Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук орто мектебинде окуган. 2006-2011-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. 2010-жылдын ноябрь айынан тарта “Миң кыял ФМ” радиосунда жаңылыктар кызматында кабарчы болуп эмгектенип келет. Кыргыз (мыкты), орус (мыкты), англис тилдерин билет.

Журналисттик жана илимий ишмердиги түзөтүү

Махабат Куталиева “Кыргыз адабиятындагы детектив жанрынын өнүгүшү” аттуу темада өз алдынча илимий изилдөө жүргүзүүдө. Андан тышкары кыргыз улуттук оюулары жана узчулук жаатында этнографиялык материалдар чогултууда. Махабат Куталиеванын кыргыздардын байыркы таш кордо ыкмасы менен эт бышыруу ыкмасы тууралуу чакан макаласы 2011-жылы “Bish Brand” журналынын 2-санында жарык көрдү.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү