Кутанов Аскар Асанбекович
Кутанов Аскар Асанбекович (19. 3. 1958-жылы туулган, Фрунзе шаары) — техника илимдеринин доктору (1993), профессор (2000), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997; корреспондент-мүчөсү, 2000) Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатында мамлекеттик (2004) жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1985) лауреаты. Новосибирск мамлекеттик университетин (1980), ФПИнин аспирантурасын (1985) бүтүргөн. ФПИде лаборатория башчысы (1985—86), илимий кызматкер; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунда лаборатория башчысы (1986—88); Осако университетинде (Япония) профессор (1993—95). Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын президенти (1997—2004). Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси (2004—2008). 2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында лаборатория башчысы. Голография жана маалыматты иштеп чыгуу боюнча адис. 100дөн ашык илимий иштин, анын ичинде 2 ойлоп табуунун автору. Эмгектери: Устранение «морозных» шумов при фототермопластической записи голограмм. Оптика и спектроскопия. сПб., 1991; Оптическая нейронная сеть на основе голографического фототермопластического диска. 1991; Голографический диск с термопластической записью для оптической обработки информации. Лондон, 1991.; Информационная и коммуникационная технология для развития в Кыргызской Республике. Б., 2003.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9