Кутан Торгой уулу (1893, Каракол уезди, Аксуу болушу, Акбулуң айылы–1961) – чегарачы. 1918-жылы Кара-Колдо кызыл гвардиячылардын катарына өтүп, 1919-жылга чейин Анненковдун бандаларына каршы согушкан. 1922-жылга чейин Совет бийлигин чыңдоого катышып, 1922–40-жылдары жана 1944–46-жылдарда чегарада кызмат өтөгөн. 1930–36-жылдары чегараны бузуучуларга каршы күрөшүү үчүн ыктыярдуу кошуун түзүп, Түндүк Кыргызстанда басмачылардын бир нече тобун талкалоого катышкан. 1946–47-жылдары Акбулуң колхозунун башкармасы болуп иштеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү