"Кутурган иттер" (англ. Reservoir Dogs, орус. Бешеные псы) - 1992-ж.чыккан үзгүлтүккө учураган алмазды уурдоо ишине чейинки жана кийинки окуялар тууралу тартылган АКШнын кылмыштуу триллер тасмасы. Тасма режиссер жана жазуучу Квентин Тарантинонун толук метраждуу тасмаларынын алгачкысы болгон жана башкы ролдордо Харви Кейтел, Майкл Мэдсен, Стив Бушеми, Крис Пенн, Лоуренс Тирни и Тим Роттор ойношкон. Квентин Тарантино жана жазуучу Эдвард Бункер экинчи пландагы ролдорду ойношкон. Бул тасмадан биз зөөкүрчүлүк менен жасалган кылмыш, поп маданиятынын кээ бир көрүнүштөрүн, сөгүнүүлөрдү, окуянын бир калыпта эмес баяндоону жана башка көптөгөн темаларды көрө алабыз жана бул белгилер Торонтинонун өзгөчө стили болуп калган.

Тасма көз каранды эмес тасмалардын классикасы деп таанылган. Empire журналы тарабынан "Бардык мезгилдердин көз карандысыз тасмасы" деген наамга татыган. Кутурган иттер жалпысынан жакшы кабыл алынып, ал эми актерлору тасма сынчылары тарабынан жакшы баага татыган. Жарыкка чыккан соң тасмага рекламаланбагына карабастан, жумшалган 1.2млн АКШ долларын ашып, 2.8 млн АКШ долларлык киреше таап, АКШда кичинекей ийгилик жараткан. Тасма Улуу Британияда 6.5 млн фунт стерлинг киреше таап, ийгиликтүүрөөк болгон, К. Тарантинонун "Кылмыш окуясы" (1994-ж.) тасмасы жарыкка чыккандан кийин көбүрөөк ийгиликке жетишкен. Тасмада колдонулган ырлардын көбү 1970-ж. таандык болгон.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү