Куугантоо, тоо – Тескей Ала-Тоонун түндүк тармагы. Арашан жана Аксуу сууларынын аралыгында 23–25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–7 км. Орточо бийиктиги 3600–4000 м, эң бийик жери 4642 м. Кыры аска-зоолуу, мөңгүлүү. Капталдары кыска, тик, терең капчыгайлар жана майда кокту-колоттор арбын. Төмөнкү протерозойдун гранитдиорит сымал интрузия тектеринен турат.

Шалбаалуу талаа (2200–3000 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2900–3000 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3200–3300 мге чейин), андан жогору субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Карагай токоюнун ири массивдери да кездешет. Жайыт, чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү