Куудул чымчыкты өлтүрүү (роман)

"Куудул чымчыкты өлтүрүү" (англ. To Kill a Mockingbird) — 1960-жылы Харпер Ли тарабынан басылып чыгырылган роман. Ал дароо ийгиликке жетишип, "Пулитцер" сыйлыгын утуп алган жана заманбап Америка адабиятынын классикалык чыгармасына айланган. Мазмуну жана каармандар Линин өз үй-бүлөсүндө, коңшуларына жана анын мекени Алабама штатынын Монровилл жергесине жакын жерде 1936-жылы ал 10 жаш кезинде болуп өткөн окуяларга жүргүзгөн байкоолоруна үстүртөн негизделген.

Зордук-зомбулук жана расалык теңсиздик сыяктуу олуттуу темаларды камтыганы менен роман жылуулугу жана юмору менен белгилүү болгон. Аңгемечинин атасы Аттикус Финч көптөгөн окурмандар үчүн изги каарман жана юристтер үчүн чынчыл үлгү катары кызмат кылган. Романдын таасири тууралуу жазган сынчылардын бири "Жыйырманчы кылымда "Куудул чымчыкты өлтүрүү" балким, Америкадагы расизм тууралуу эң кеңири окулган чыгарма жана андагы башкы каарман Аттикус Финч расалык баатырдыктын көпкө созулган образы" деген.

Түштүк готика жана тарбиялык роман катары "Куудул чымчыкты өлтүрүүнүн" негизги темалары расалык адилетсиздик жана күнөөсүздүктүн жок кылынышы. Окумуштуулар Ли өз эмгегинде ошондой эле класс, кайрат, мээрим жана гендер маселелери дагы сөз кылганын белгилешкен. Китеп АКШдагы мектептерде толеранттуулук жана сокур ишеним сабактарын бериш үчүн кеңири окутулат. Көтөргөн темаларына карабастан "Куудул чымчыкты өлтүрүү" мамлекеттик мектептерден алып салуу боюнча өнөктүктөргө дуушар болуп, расалык эпитеттердин колдонулушу боюнча сын-пикирлерге кабылган.

Роман жарыкка чыккандан кийин ар башка реакцияларга жем таштаган. Көптөгөн нускалары сатылып, билим берүү тармагында кеңири пайдаланылганына карабастан ага карата жүргүзүлгөн адабий талдоо иштери өтө сейрек. "Куудул чымчыкты өлтүрүү" боюнча бир нече авторлордун жана коомдук ишмерлердин жеке көз караштарын чогулткан Мэри Макдонаф Мөрфи китепти "таң калтырган көрүнүш" деп атаган. 2006-жылы британиялык китепканачылар китепти Библиядан мурда "ар бир бойго жеткен адам көзү өтүп кеткенге чейин окушу керек болгон" чыгарманын бири катары баалашкан. Китептен ылайыкташтырылып тартылган тасма "Оскар" сыйлыгына татыган. Тасманын сценарийин Хорто Фут жазып, режиссер Роберт Маллиган 1962-жылы тарткан (Куудул чымчыкты өлтүрүү). 1990-жылдан бери романга негизделип жазылган спектакль Харпер Линин мекенинде жыл сайын көрсөтүлүп турат.

"Барып кароолчуну дайында" чыгармасы 2015-жылдын 14-июлунда жарык көргөнгө чейин "Куудул чымчыкты өлтүрүү" Линин жападан жалгыз китеби болуп турган. Ли 1964-жылдан бери өзүнүн же болбосо романынын коомчулук алдына чыгышына каршы болуп келген болсо да 2016-жылдын февралында көзү өткөнгө чейин өз эмгегинин тийгизген таасири боюнча жооп берип жүргөн.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү