Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн арыкта, каналда өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспап. Арыктын бир жагынан, экинчи жагына суу алып өтчү темир куур.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар арыктын бир жагында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден арыктын бир жагынан, экинчи жагына суу алып өтчү темир куурдан басып өтүшөт. Андан кийин кайра өтүшүп, мурдагы ордуларына келишет, Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арыктын бир жагынан, экинчи жагына суу алып өтчү темир куурдан тең салмагын жоготпой бат өткөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Куурду минип өтүү, жыгач таноодон басып өтүү, эшек жыгачта басуу, эшек жыгачты минип жылуу, көздөрдү таңып эшек жыгачтан басып өтүү, устунда басуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, куурда бирден ашык оюнчуга басууга, оюндун кезегин бузууга болбойт,

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер коркунучтуусуз болушу керек,

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюн чечкиндүүлүккө, тең, салмакты сактоого, кыймылдарын башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү