Куур (трубопровод)
Куур (трубопровод) — 1) териден жасалган, кургап, катып калган, куудураган эски кийим (куур тон, куур шым); 2) суу жана газ өткөрүүчү чоң түтүк. Илгерки заманда шаардын, чептин ичиндеги элдин жашоосун камсыз кылуу үчүн сырттан жер алды мн карапа түтүктөрдү бирине бирин кийиштирип, суу алып келген. Бул термин азыркы адабий тилде түтүк, труба, өткөргүч терминдерине синоним катары колдонулууда.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9