Куу уул - генеалогиялык маалыматтар боюнча легендарлуу Долон бийдин уулу, сол канат кыргыз урууларынын түпкү бабасы. Куу уул жана сол канат кыргыз уруулары боюнча алгачкы генеалогиялык маалыматтар Сейф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат- Таварихинде» (16-к.) эскерилет. Куу уул жана анын төрөлүшү жөнүндөгү болмуш окуялардын бир нече варианттары айтылып жүрөрү маалым. Санжыра боюнча Куу уулдан Чоң багыш, Саруу, Мундуз, Кытай, Кушчу, Басыз, Жетиген, Төбөй уруулары тарайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү