Куча шаары, Түркстан — Чыгыш Түркстандагы шаар. Кытай тарыхында «Аньси», арабфарсы жазма маалыматтарында (Худуд ал-алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб) «Кусан» (k.chan), Гардизиде «Куча» (k.ja) деген аталышта кездешет. Хань династиясынын (биздин заманга чейинки 3—1-кылым) тушунда Куча (Кюцы) өз алдынча ээлик болгон. Биздин замандын 639-жылы Батыш Түрк кагандарынын бири Иби Шаболо Шеху хан өз ордосун Иленин жээгине орнотуп, Куча менен бирге Кара-Шаар, Лобнор ж. б. княздыктарды каратып алган. 646-жылы анын ордун ээлеген Иби Шегуй хан кытай императорунун кызынын колун сураган. Император кызынын калыңына Кучаны жана Котон, Кашкар ж. б. 5 княздыкты талап кылгандыктан, ал иш жүзүнө ашкан эмес. 843-жылы мартапрель айында кыргыз элчиси Тапу Алп Солдун (Та-бу Хэцзу, Чжуву Хэ-со) Тан императорунун кабыл алуусунда болгондугу, ошондой эле кыргыздардын уйгурларга тиешелүү Хэло өзөнүн, Куча (Аньси) жана Беш-Балыктагы (Бэйтин) беш уруу элди багындырганы жөнүндө маалыматтар кездешет. Куча жөнүндө араб-фарсы тарыхында «Искендердин анониминде» жана Махмуд Кашгари («Дивани лугат ат-түрк»), Шараф ад-Дин Йезди («Зафар-Наме»), Абд ар-Раззак Самаркандинин («Матла ас-са Дайн») ж. б. чыгыш авторлорунун эмгектеринде да эскерилет. «Искендердин анониминде» могол (могул, моңол) улусунун (к. Кыргыздар, Моголстан) ханы Шам-и Жахандын Кучаны (Кусан) каратып алганы айтылат. 17—18-кылымдарда Цин династиясынын императорлору Канси (1662—1722), Юнчжэн (1723—35), Цяньлундун (1736—95) мезгилинде Куча Кытай мамлекетине караган. Куча Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, соода-сатык ж. б. жүргүзүүдө маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү