Юнусалиев Кушназар (1910-жылы азыркы Ленин району, Майлы-Сай кыштагында туулган.) - айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957). 1941-жылдан КПССмүчөсү. Эмгек жолун 1928-ж. Майлы-Сай айыл советинде секретарь болуп иштөөдөн баштаган. 1930-ж. Ташкентдеги Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчулар факультетин бүтүргөн. 1932-42-жылдары Ленин райондук аткаруу комитетинин жооптуу секретары, райондук керек-жарак союзунун председатели, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы. 1942-жылдан Жалал-Абад областык аткаруу комитетинин председателинии орун басары, Токтогул райондук партия комитинин 1-секретеры, Ленин райондук зоотехниктер бөлүмүнүн башчысы, 1951-жылдан Ленин райондук Эл депутаттар советинин аткомунун председатели. Ал иштеген райондун экономикасы өнүгүп айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, айрыкча пахтанын түшүмдүүлүгүн арткан, коомдук малдын саны көйүп, кунардуулугу арткан. 1959-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  • Frunze Kyrgyz Tuusu, Newspaper Archives, May 22, 1991 Page 4
  • Frunze Sovetnik Kyrgyzstan, Newspaper Archives, November 17, 1968 Page 2