Кушнер Павел Иванович
Кушнер Павел Иванович (1889-1969), белгилүү советтик тарыхчы-этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор, этнография, этнология багытында бир катар эмгектердин автору, этнография илиминин теоретиктеринин бири. Кныш, Кнышев деген псевдонимдер менен да белгилүү болгон илимпоз. Кыргызстанга алкчкылардан келген этнографиялык экспедицияны жетектеген, анын жыйынтыгында “Горная Киргизия” (1927) аттуу монографияны жарыялаган. П.И.Кушнер (атасынын фамилиясы Кнышев) Гродно шаарында судьянын үй бүлөсүндө туулган. Атасы каза болгондон кийин энеси Рига шаарына иштегенге кетет. П.И.Кушнер Гродно гимназиясында окуп жүрүп (1898-1907) революциялык кружокторго катыша баштаганда окуудан четтетилген. Рига шаарындагы Александровское гимназиясынан да кружокторго катышкандыгы үчүн четтетилет. 1914-1918 жж. революциялык иштерге жигердүү катышат. Андан соң Түркстан, Кавказ аймактарында Кызыл Армияда комиссарлык милдетти аткарган. Яков Свердлов атындагы Коммунисттик университетте окутуучу болуп иштейт. 1925-ж. Кыргызстанга келген этнографиялык экспедицияны жетектеген. Ал советтик жана партиялык кызматты илим менен айкалыштырган, этникалык маданиятты картага түшүрүү боюнча ири адис катары таанылган. Борбордук Европанын этникалык картасын Кызыл Армиянын Борбордук саясий башкармалыгы үчүн түзүп берген. Анын илимдин кандидаттык диссертациясы «Западная часть литовской этнографической территории» (1947), докторлук диссертациясы «Этнические территории и этнические границы» (1951) деген темаларда корголгон. П.И.Кушнер жана С.П.Толстовдор этнография тарых илиминин бир бөлүгү деген пикирди эң биринчи айткан окумуштуулар. Ал советтик изилдөөчүлөрдүн (этнографтар) ичинен улуттук аң сезим деген категорияны киргизген, этностун теориясын илимге киргизген окумуштуу болот. Анын «Село Вирятино в прошлом и настоящем: Опыт этнографического изучения русской колхозной деревни» (1958) аттуу эмгеги 1970-ж. АКШда кайрадан басылып чыккан.
Эмгектери
түзөтүү- О некоторых процессах, происходящих в современной колхозной семье // Советская этнография, 1956, № 3, с. 19-22
- О первобытном коммунизме // Записки Коммунистического университета им. М. Я. Свердлова. ― М., 1924
- Горная Киргизия. ― М., 1927
- Очерк развития общественных форм. ― М., 7 изданий с 1924 по 1929
- Первобытное и родовое общество (Хрестоматия для высшей школы и комвузов). ― М., 1925
- Пять общественных укладов. ― М., 1927
- Меморандум правительства Федеративной народной республики Югославии об этническом составе Юлийской Краины// Известия АН СССР. Серия истории и философии, 1946, т. З, № 3
- Об этнической статистике европейских стран // КСИЭ. Вып.2. ― М.-Л., 1947
- Этническая граница (к вопросу об этнических рубежах в Европе) // Советская этнография, 1948, № 4
- Государственный музей народного быта Латвийской СССР // Советская этнография, 1948, № 3
- Этническая граница // Советская этнография, 1948, № 4
- Этническая граница (Опыт обобщенной характеристики типов этнических границ в некоторых европейских странах) // Труды II Всесоюзного географического съезда. ― М., 1949, т. З
- Этническая граница и этническая (этнографическая) территория (методы исследования) // КСИЭ АН СССР, вып. 6. ― М., 1949
- Учение В. И. Сталина о нации и национальной культуре и его значение для этнографии // Советская этнография, 1949, № 4
- Национальное самосознание как этнический определитель // КСИЭ. ― М.-Л., 1949, вып. 8
- О методах определения этнического состава населения в полосе этнических границ // КСИЭ АН СССР, вып. 11. ― М., 1950
- Этнические территории и этнические границы. АН СССР, Институт этнографии им. Н. Н. Миклухо-Маклая. ― М.: Издательство АН СССР, 1951
- Об этнографическом изучении колхозного крестьянства // Советская этнография, 1952, № 1
- Об этнографическом изучении социалистической культуры и быта народов СССР // Советская этнография, 1953, № 1
- Какое изображение мы видим на луне? (Об атласе немецкого народоведения) // Советская этнография, 1953, № 3
- Этнографическое изучение современного сельского быта в СССР // Československá Etnografie, 1954, № 1
- Карта национального состава населения Латвии в 1935 г.// ТИЭ, т. 23. ― М., 1954
- Об этнографическом изучении семьи у колхозного крестьянства СССР // Этнографическое совещание. ― М.-Л., 1956
- О некоторых процессах, происходящих в современной колхозной семье // Советская этнография, 1956, № 3
- Село Вирятин в прошлом и настоящем. ― М., 1958 (отв. ред., автор введения и глав 1, 7)
- О русском историко-этнографическом атласе // КСИЭ, вып. 22, 1955 Русские. Историко-этнографический атлас. М., 1967 (отв. ред.)
- Русские. Историко-этнографический атлас: Земледелие, крестьянское жилище, крестьянская одежда. (Середина XIX-начало ХХ века). ― М., Наука, 1967
- Этническое прошлое юго-восточной Прибалтики. Опыт исторического изучения этнической территории. ― Вильнюс : Минтис, 1991
- Пруссы // В кн.:Балтийский альманах. ― Калининград, 2004, № 4. С. 78
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015