Кушчубаев Саруубек Тынычбекович
Кушчубаев Саруубек Тынычбекович (2. 6. 1970-ж. туулган, Фрунзе шаары) - мамлекеттик жетекчи кызматкер.
- Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси (2003).
- Кыргыз улуттук университетинин география(1996) жана юридика факультеттерин бүтүргөн (2007).
- Эмгек жолун 1987-ж. Фрунзедеги кооперация техникумунда, Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Торгмаш» заводунда (1988) жумушчу болуп баштаган.
- 1988-90-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
- Кийин Сокулук районундагы Панфилов орто мектебинде мугалим (199295), Сокулуктагы жер боюнча борбордо 1-категориядагы адис (1995-96), ошол эле жерде Жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары башкармалыгында каттоо бөлүмүнүн башчысы (1996-98), Жер жана агрардык реформа борборунун директору (1998-2000), Жерди мамлекеттик каттоонун Чүй зоналдык борборунун Бишкек шаары боюнча директору (2000-02) болуп эмгектенген.
- 2002-05-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары.
- 2005-08-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.
- 2008-09-жылдары Жайылрайондук агрардык реформа башкармалыгынын башчысы, 2010-жылдын башынан Москва райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары болуп иштеп келүүдө.
- Кыймылсыз мүлктү баалоо жана мамлекеттик сатып алуунун (госзакупка) сертификаттарын алган (2003).
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
- Суусамыр элине кеңири белгилүү Кушчубаев Шейрендин небереси.
- Темиржан уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9