Куэнка шаары — Экватордун түштүгүндөгү шаар. Асуай провинциясынын администрациялык борбору. Анд тоо аралык өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 323,0 миң (2009); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Шаар аркылуу. Панамерика шоссеси өтөт. Аэропорту бар. Соборлор, чиркөөлөр, монастырлар ж. б. сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (чий калпак, карапа жана зер буюмдар) өнүккөн. Университеттер, консерватория, китепканалар, музейлер бар. Шаар 1557-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү