Куюшкан — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Токулган ээрди эңкейиште аттын (унаанын) моюнуна кетүүдөн сактайт. Мунун эки учу ээрдин арткы актасындагы чыгарагына бекитилет. Куюшкан да кайык, өрүм аркылуу бүткөрүлөт. Анын шөкөттөлгөн «кошундусун» төрт-алты-сегиз талаа чыгарып көркөмдөгөн зергерлер чыккан. Мунун чок ортосуна күмүш жалатылган томпогой темирди көмкөрүп, анын четтери чегеленет. Ага асыл таштарды чөгөрүп да шөкөт тешчү. Андан алтыга чейин талааланган «кошундунун» беттери «чымын канат», «жылдызча», же «байчечек» өңдүү оюм-чийимдерге жыш толгон. Айлакер усталар куюшкандын «кошундусун» сегиз талаалата да бере турган.

Ат жабдыктарынын бул бөлүгү аттын бели менен соорусуна жайыла салаалап, күнгө чагылыша түшкөн. Куюшкандын куткуну (чычаңы) 20 см ден 40—42 см ге барабар. Анын «кошундусу» куткундун ортосу 24 см ден 48—50 см ге жетет. Ал кошунду менен чагармактын байланышкан аралыгы 70—70=140 см болот. Мында куюшкандын солоңдорунун бирөө 10—12 см келип турат. Айрым зергерлер ат жабдыктарына узанышууда өзүнүн бөлөгүрөөк чыйырын салат. Куюшкандын эле ондон ашуун көркөм шөкөттөрү бар. Мунун «кошундусунун» бир канатынын эле ар бири үчтөн-төрттөн, үч-төрт жерден бутактанып чыгышы да мүмкүн. Алардын ар бирине ар түрдүү өңдөгү таштар чөгөрүлгөн. Жалаң куюшканга бир нече кошунду шөкөттөрдү кармагандар чыккан. Ошондо ал солоңдорлор ат соорусунун эки тарабынан жарашыктуу түшүп, сынакей көрүүчүлөр токулгалуу атты тегерене карап чыгышкан. Куюшкан — токулгалуу жылкынын сынын чыгаруучу ат жабдыктарынын көркөм бөлүгү.

Азыркы куюшкандын алты сүзмөсү эки чагармак аркылуу бекийт. Чагармак — айлана түрүндөгү шөкөт. Анын бат жешилип кетпөөчүдөй болгон быдыр жолдору бар. Куюшканды өрүүдө жана анын бөлүктөрүн бири-бирине кошууда татаал аракеттер жүргүзүлөт. Аны айрым эле өрүмчүлөр жүзөгө ашыра бербейт. Мында 16 тал (тилим) 32 тал (тилим) болуп түшсө, «калмак өрүм» (айрым жерлерде моңолдор өрүм) өңдөнүп кетет. Антип айтканыбыз, өрүм «кош өрүм» болуп көрүнөт. Мында адегенде биринчи оң колдон солду карай имерилет. Солдон экөө оңду карай имерилет. Оңдон үчөө солду көздөй бири «жээк» болуп түшөт. Ошондо өрүм бөлүктөрү кошулуп келе жатканда анын эки чети «суйсал өрүм», ортосу «жээк өрүм» болуп түшөт.


Пайдаланылган адабиятттар түзөтүү

Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine