Кыдыралиев, Тенти
Кыдыралиев, Тенти (1932–1973) – жазуучу. Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айылында 1932-жылы туулган. 1950-жылы Пржевальск педагогикалык окуу жайын, 1952-жылы Пржевальск пединститутунун тил жана адабият факультетин бүтүргөн. 1952-жылы Ак-Шыйрак жети жылдык мектебине окуу бөлүмүнүн башчылыгына жиберилген. 1958-жылдан Сары-Булак сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген. 1968-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Ысык-Көл правдасы», «Маяк коммунизма», «Эмгекчил» гезиттери менен кызматташкан.
1960-жылдан баштап чыгармалары басма-сөзгө жарыялана баштаган. Биринчи китеби «Көл аңгемелери» деген ат менен 1965-жылы жарык көргөн.
1969-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүКөл аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 146 б.
Кыя жолдогу кыз: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1967. – 152 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6