ТЕНТИ КЫДЫРАЛИЕВ (1932–1973) - жазуучу.

Тенти Кыдыралиев Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айылында 1932-жылы туулган.
1950-жылы Пржевальск педагогикалык окуу жайын, 1952-жылы Пржевальск пединститутунун тил жана адабият факультетин бүтүргөн.
1952-жылы Ак-Шыйрак жети жылдык мектебине окуу бөлүмүнүн башчылыгына жиберилген.
1958-жылдан Сары-Булак сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген.
1968-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Ысык-Көл правдасы», «Маяк коммунизма», «Эмгекчил» гезиттери менен кызматташкан.
1960-жылдан баштап чыгармалары басма-сөзгө жарыялана баштаган. Биринчи китеби «Көл аңгемелери» деген ат менен 1965-жылы жарык көргөн.
1969-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Көл аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 146 б.

Кыя жолдогу кыз: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1967. – 152 б.