Кыдыралиев Хасанбек Кадыржанович
Кыдыралиев Хасанбек Кадыржанович (17. 6. 1960, Москва) — оператор-коюучу, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты («Чуркаган ит», 1991), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты («Беш кемпир», 2000), КРдин искусствосуна Эмгектери сиң. ишмер (2001), КРдин эл артисти (2011). Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография интун 1988-ж. бүтүргөн. 1988-96-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында, 1996-жылдан “Ордо” продакшн-студиясында оператор-коючу болуп иштейт. 20дан ашык көркөм тасма тарткан: «Аномалия» («Кыргызфильм» режиссер Г. Базаров, 1991), «Кылым карытар бир күн»(«Катарсис», режиссер Б. Карагулов,1994), «Селкинчек», «Беш кемпир» [«Кыргызфильм», режиссер А. Абдыкалыков (Актан Арым Кубат), 1997-98], «Абайдын жаш курагы»( режиссер А. Амиркулов, 1995), «Маймыл»(«Кыргызфильм», режиссер А. Абдыкалыков, 2000), «Шиза» («Казакфильм», режиссер Г. Омарова, 2004), «Мергенчи» («Казакфильм», режиссер С. Апрымов, 2004), «Рекетир» («Сатайфильм», режиссер А. Сатаев, 2007) жана башка.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9