Кыдырбай уулу Абдыракман

Кыдырбай уулу Абдыракман (1905, Нарын району, Кытайчы айылы — 1970, ошол эле жер) — комузчу.
Колхоздо, соода тармагында иштеген. Жети жашынан атасынан комуз үйрөнгөн. (Атасы Кыдырбай Осмонбек уулу да чоң комузчу болгон). Элдик "Жайкама", "Сылама", "Кайра чап", "Ажыбектин арманы", "Калматайдын кара өзгөй", "Карыялардын кеңешме", "Кекерт", "Асанаалынын кербези", "Айдама", "Карачий" жана башка 70дей күү черткен.
Өзү "Жайдарбек ботом", "Үмөтаалынын сол моюн", "Элирме" деген жана башка күүлөрдү чыгарган.
1967-ж. Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинин музыкалык редакциясынын фонетекасына алтымыштан ашык элдик, залкар шайырлардын, өзүнүн күүлөрүн жаздырган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.