Кызгылт бирказан (лат. Pelecanus onocrotalus, Linnaeus, 1758):

Walvis Bay-Pelecanus onocrotalus (2).jpg
Pelecanus onocrotalus

Жалпы жана өлкөдө таралышыОңдоо

Экватордук Африка, Жер Ортолук деңиз, Дунайдын делңтасы, Индияга чейин, Жакынкы чыгыштагы өлкөлөр, Казакстан. Кыргызстанда күзгү өтүү мезгилинде кездешкен , кээде кыштайт.

Жашаган аймактарыОңдоо

Калың камыштуу чоң көлмөлөр.

СаныОңдоо

Учуп өтүү мезгилде бирин-серин куштар жолуккан.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)Оңдоо

Бир нече миң жупту түзүшүп чоң колониялар менен уялашат. Уяларын аралчаларга, камыштардын сынып жапырылып калган жерлерине салышат. Уясында 1-3 жумуртка, аны 33-39 күн басып чыгарат. Балыктар менен азыктанат.

Чектөөчү факторлорОңдоо

Учуп өтүүдө эс алууга керектүү чоң көлмөлөрдүн аздыгы. Дарыялардын гидрологиялык режиминин өзгөрүлүшүнөн, химиялык булганычтан, камыштардын өрттөнүшүнөн, балыктардын запасынын азайышы жашаган жерлеринин бузулушуна алып келет, ошондой эле браконңерлик.

Көбөйтүү (колдо багуу)Оңдоо

Маалымат жок, бирок көптөгөн зоопарктарда багылат.

Уюштурулган коргоо аракеттериОңдоо

1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине , ошондой эле Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттерОңдоо

Сезондук заказниктерди жана Борбордук орнитологиялык территорияларды уюштуруу.

СтатусуОңдоо

VI категория, Near Threatened, NT: R. Монотиптүү түр.Евразиянын фаунасында уруунун эки түрүнүн бирөө.

Колдонулган адабияттарОңдоо