Кыздык – эч качан жыныстык катнашка барбаган адамдын абалына айтылат. Кыздык термини алгач сексуалдык жактан тажрыйбасыз адамдарга гана тиешелүү болгон, бирок өзгөрүп отуруп салттуу, заманбап жана этикалык түшүнүктөрдөгү бир катар аныктамаларды камтый баштаган.[1] Гетеросексуал адамдар кыздыкты жоготууну пенетрациялык секс аркылуу гана болот деп эсептеши мүмкүн, ал эми башка сексуалдык ориентациядагы адамдар оралдык, аналдык секс же өз ара мастурбацияны кыздыгын жоготуунун аныктамаларына камтыйт.[2]

Кыздык абалына өзгөчө маани берген маданий жана диний салттар бар, алар негизинен бойдок аялдарга карата жеке тазалык, ар-намыс жана баалуулук деген түшүнүктөр менен байланышкан. Адептүүлүк сыяктуу эле, кыздык түшүнүгү салттуу түрдө жыныстык катнаштан баш тартууну камтыйт. Кыздык түшүнүгү, адатта, адеп-ахлактык же диний маселелерди камтыйт, ал коомдук статусу жана инсандар аралык мамилелер боюнча кесепеттерге алып келиши мүмкүн.[3] Кыздыктын социалдык мааниси бар жана мурда кээ бир коомдо олуттуу юридикалык кесепеттерге ээ болгону менен, бүгүнкү күндө көпчүлүк коомдо анын юридикалык кесепети жок. Кыздыктын социалдык кесепеттери дагы эле көптөгөн коомдо сакталып калууда жана инсандын социалдык агенттиктерине ар кандай таасир этиши мүмкүн.

Физиологиялык өзгөчөлүгү түзөтүү

Кыздык чел кабык, же вагиналдык корона (лат. hymen) – кээ бир сүт эмүүчүлөрдүн ургаачыларынын ички жана тышкы жыныс органдарынын ортосундагы кындын кире беришин жаап турган тешиги бар былжыр челдин бүктөмү.

 
Гимендин ар кандай көрүнүштөрү.

Гимендин тешиктери гормоналдык жана активдүүлүк деңгээлине жараша ар кандай калыңдыкта жана формада болот – шакекче, тосмо же торчо түрүндө. Жыныстык жетилүү курагынан баштап, эстроген жана активдүүлүк деңгээлине жараша кыздык чел кабыгы калыңдап, челинин тешиги табигый түрдө кеңейип, формасы менен сырткы көрүнүшү өзгөрүшү мүмкүн.[4]

Айыз келген маалда кандын сыртка чыгып турушу үчүн гименде бир же бир нече тешик болот. Статистика боюнча, 1000 кыздын ичинен 1-2 кызда бул чел кабык тубаса туюк жаралат, кан сыртка агып чыкпай калат.[5] Туюк гимен айыз канынын чыгышына толук тоскоол болгондо же кыйла жайлаткан мезгилде медициналык кийлигишүүнү талап кылынат.

Айрым кыздар гимени тубаса жок же дээрлик өнүкпөгөн төрөлүшөт, бул – гимендин апплазиясы деп аталат. Америка педиатрия академиясынын маалыматы боюнча, гимени жок жаңы төрөлгөн кыздардын үлүшү 0,03%ды гана түзөт.[6]

Жабыркашы түзөтүү

Гимендин жабыркашын дефлорация деп аташат. Кызды же кыздыкты гүл катары көрсөтүү медициналык терминге айланды. "Дефлорация" – гимендин бүтүндүгүн бузуу – латын тилинен de: "алып салуу, жок кылуу" + flos, floris: "гүл" – жана түз маанисинде болсо: "гүлдү үзүү".[7]

Алгачкы жыныстык катнашта гимен сөзсүз айрылат жана канайт деген ишеним бар. Бирок Батыш калктарындагы аялдар боюнча изилдөө биринчи макулдук менен жыныстык катнаш учурунда кан дайыма боло бербейт же кан азыраак кездешет деп табылган.[8][9] Статистикага ылайык, биринчи жыныстык катнаштан кийин гимен 52% учурда бүтүн бойдон калат.[10] Гимен ийкемдүү болот жана жыныстык катнаш учурунда жыртылбай, жөн эле чоюлуп кетиши мүмкүн. Гимендин жабыркашы, кандын агышы жана оорутушу сыяктуу белгилер ар кандай факторлордон көз каранды болот, мисалы, гимендин формасынан, ийкемдүүлүгүнөн, кан тамырларынын жыштыгынан. Торчо түрүндөгү кыздык чел кабык бузулганда кан көп агып катуу оорутуу менен коштолсо, шакекче түрүндөгүдө аз агып, анчалык катуу оорутпайт. Чел кабык алгачкы төрөттөн кийин биротоло жок болот.      

Пубертатка чейинки кызда гимен пенетрациядан улам катуу жабыркаса, өспүрүм кызда жана бойго жеткен аялда гимендеги тешик чоюлуп, ийилип, гимендин жайылышына жана белгисиз кесепеттерге алып келет. Биринчи жыныстык катнаштан кийин гимендин айрылуусун жана кан агуусун күтүү туура эмес.[11] Бардык эле аялдар ооруга дуушар боло беришпейт, бир изилдөөдө күчтүү эмоциялардын – толкундануу же коркуу сыяктуу жана биринчи жыныстык катнаш учурундагы ооруну башынан өткөрүүнүн ортосундагы байланыш табылды.[12]

Гимен жабыркашынан кийин эч кандай көрүнгөн жаракат белгилерисиз айыгышы мүмкүн.[13] Сексуалдык зордуктун өспүрүм курмандыктарын байкоочу изилдөө гимендеги жарааттардын көбү айыгып, эч кандай көзгө көрүнгөн жаракат белгилерин байкабай турганын көрсөттү.[14]

Гимендин жабыркашы ар кандай башка иш-аракеттердин натыйжасында келип чыгышы мүмкүн, мисалы тампон же айыз чөйчөктөрүн колдонуу, мастурбация, гимнастика же ат минүү, бирок бул травмалардын түрлөрүнүн канчалык таралганы белгисиз.[15]

Салттагы мааниси түзөтүү

Аялдын кыздыгы түзөтүү

 
Келиндин кийиминин ак түсү кыздыктын символу.

Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринде кыздык чел кабык тазалыктын далили деп эсептелет. Нике түнү кыздыкты жоготууга байланыштуу көптөгөн каада-салт, жөрөлгөлөр бар. Алардын эң негизгиси – кыз жаңы бүлөгө кыздыгы бузулбаган абалда келгенин жалпыга жарыялоо. Үлпөт тойдон кийин жуптарды жыныстык катнашка баруу үчүн атайын бөлмөгө киргизишип, бул учурда эшик оозунда колукту же күйөө тараптын туугандарынан бири күтүп отурат (мисалы, үйлөнгөн жигиттин жеңеси). Жыныстык катнаштан кийин кыздык белгинин бузулушунан улам канга булганган шейшепти жигиттин ата-энесине же жакындарына көрсөтүп, сүйүнчү айтып, андан кийин жууп, көрүнөө жерге жайып коюшат. Бул колукту жаңы үй-бүлөгө таза, аруу бойдон келди деген ишарат. Көптөгөн изилдөөлөргө карата биринчи жыныстык катнашта гимендин айрылып каноосу шарт эмес экенин көрсөткөн[9] учурда дагы, каада-салт баары бир кан чыгышын талап кылат. Бүгүнкү күндө үйлөнүүдөн мурда кыздарды гинекологго алып барып гимендин бүтүндүгүн текшертүү практикасы дагы орун алууда. Бириккен Улуттар Уюму бул практиканы токтотууга чакырып кайрылуу жасаган.[16] БУУ мындай тажрыйбаны гендердик дискриминациянын бир формасы, кыздарды басмырлоо деп сыпаттаган.

Кээ бир маданияттарда биринчи нике түнү кан чыкпаганы үчүн жаш аял физикалык же психикалык зомбулукка, уяткарууга, атүгүл ар-намыс үчүн өлтүрүүгө кабылган учурлар кездешет.[3] Бул маданияттарда аялдын кыздыгы жеке, атүгүл үй-бүлөлүк намысы менен тыгыз байланышта жана никеге чейин кыздыгын жоготуу абдан уят нерсе болуп саналат.

Кыздык кээ бир маданияттарда баалуу буюм катары каралат. Тарыхта көпчүлүк коомдо аялдын турмушка чыгуу мүмкүнчүлүгү анын кыздык абалынан көз каранды болгон. Кыз эмес аялдардын социалдык жактан пайдалуу үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү кескин азайган, ал эми кээ бир учурларда никеге чейин кыздыгын жоготуу алардын никеге туруу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жокко чыгарган.[17]

Эркектин кыздыгы түзөтүү

Тарыхта жана азыркы мезгилде аялдын кыздыгы эркектин кыздыгына караганда маанилүүрөөк деп эсептелген. Жыныстык эрдик эркектиктин негизи деген түшүнүк анын кыздыгынын маанисин төмөндөттү. Мисалы, кээ бир исламдык маданияттарда никесиз жыныстык катнашка барууга же зордуктоого кабылган бойдок аялдардын ысымы аталып, четтеп же үй-бүлөсүндө уятка калтырылышы мүмкүн, ал эми кыздыгын жоготкон бойдок эркектер андай эмес, бирок нике алдында жыныстык катнашка Куранда тыюу салынганы эркектерге да, аялдарга да тиешелүү.[3]

Маданияттардын көбүндө эркектерден сексуалдык жактан көбүрөөк тажрыйбалуу болушу күтүлөт. Бул стандарттарга баш ийбеген эркектер досторунун шылдыңдоосуна калып келет.[18] 2003-жылы Гуттмахер институтунун изилдөөсү көрсөткөндөй, суралган өлкөлөрдө эркектердин көбү 20 жашында жыныстык катнашка барышкан.[19]

Эркек сексуалдуулугу тубаса жана атаандаштыкка жөндөмдүү нерсе катары каралат жана аял сексуалдуулугуна караганда маданий баалуулуктардын жана стигмалардын башка жыйындысын камтыйт. Эркектердин кыздыгы поп маданиятта, комедиялык тасмаларда уят жана шылдыңдын объектисине айлангандан улам кээ бир эркектердин кыздык статусун жашыруун сактоосуна алып келди.

Диндеги мааниси түзөтүү

Ислам түзөтүү

 
Ыйык София мечитинде Кыз жана баланын мозаикасы. Стамбул, Туркия.

Мусулманчылыкта никеге чейинки жыныстык катнашка кескин тыюу салынат жана катуу жаза салынат. Бул эркекке да, аялга да тийиштүү талап. Мисалы, кыздык белгиси барларга үйлөнүүгө кеңеш берген хадистер бар:

“Кыздарга үйлөнгүлө, анткени алардын тилдери таттуураак, көп бала төрөшөт жана азга канаат кылышат” (Сахих аль-джами 2939).  

Ислам дини кыздык маселесине байланышкан окуяларды ачык жарыялоону колдобойт. Айрыкча нике түнү төшөк аңдууну жектейт. Маселен, нике түнүндө колуктунун жыныс кынынан кан чыкпаса жакшы күмөн кылууга (мисалы, кыздык чел кабыгы чоюлчаак же башка себептен болушу мүмкүн деп), эгер буга чейин жыныстык катнашта болгону үчүн кыздык белгиден ажыраганы билинсе, анда бул ишти жашырууга, көпчүлүккө жарыя кылбоого чакырат.[20] Шарият мыйзамы (Куран 24:2) никеге чейинки жыныстык катнаш үчүн 100 жолу урууну жазалайт.

Зынаа жана ойноштук кылуучу (никеси жок болсо, никеси болсо таш баранга алынат) ар бирин камчы менен жүз жолу чап.[21]

Христиандык түзөтүү

Христиан дининде никеге чейинки жыныстык катнашка кескин тыюу салынат. Библияда эскертилиши (Еврейлерге кабар: 13:4):

“Нике баарында адилет, жалган туруксуз. Зынаакорлорду жана ойноштук кылгандарды Кудай жазалайт”.[22]

Апостол Павел адамдын денеси Кудайга таандык жана Кудайдын ийбадатканасы (1 Коринфяныктрга 6:13, 3:16)[23] жана никеге чейинки жыныстык катнаш адеп-ахлаксыздык (1 Коринфяныктрга 6:18).[23]

Классик Эвелин Стагг менен Жаңы Заветтин изилдөөчүсү Фрэнк Стаггдын айтымында, Жаңы Заветте жыныстык катнаш нике үчүн гана сакталат деп айтылат.[24]

Христиан ортодоксиясы Матай Инжилиндеги жана Луканын Инжилиндеги билдирүүлөргө таянып, Исанын энеси Мариямдын Исанын боюна бүтүп калган маалда кыз болгонун кабыл алат.[25][26] Рим-католиктери,[27] чыгыш православдары,[28] ошондой эле көптөгөн лютерандар жана англикандар Мариямдын түбөлүк кыздыгы жөнүндөгү догманы карманышат.

Буддизм түзөтүү

Буддист этикасынын эң кеңири таралган формулировкалары Беш осуят жана Сегиз жол болуп саналат. Бул осуяттар ыйык буйруктар же көрсөтмөлөр эмес, ыктыярдуу, жеке милдеттенмелер түрүндө болот. Беш парздын үчүнчүсү: «Напсистик бузукулуктан сактануу».[29] Пали канонунда сексуалдык бузукулук төмөнкүдөй аныкталат:

Напсилик кылык-жоруктарды таштап, [эркек] жыныстык бузукулуктан алыс болот. Ал энеси, атасы, бир туугандары, эже-карындаштары, тууган-уруктары же Дхаммасы тарабынан корголгондор менен; күйөөсү барлар, жазага тартылгандар, жадакалса башка бирөө тарабынан гүл таажы тагынгандар менен жыныстык катнашка барбайт.[30]

Кыздык тууралуу Канондо өзгөчө айтылган эмес. Башка жагынан алганда, буддист кечилдери бардык сексуалдык аракеттерден алыс болушу керек деп күтүлөт жана Будда өзүнүн жолдоочуларын бузукулуктан “ал күйүп жаткан күл толгон чуңкурдан качкандай” качууга үндөгөн деп айтылат.[31]

Гименопластика түзөтүү

Гименопластика – жабыркаган гименди калыбына келтирүү операциясы. Эч бир физиологиялык керекчеси жок, социалдык адилетсиздиктен жана коомдук басымдан улам аялдар тарабынан өздөрүн же никесин сактоо үчүн жасалат. Кыздыкты жогору баалаган, колуктунун кыздыгын далилдөө үчүн кандын тактары бар шейшеп далил катары колдонулган кээ бир маданияттарда гименопластика аялдарды социалдык ыңгайсыздыктан сактай алат.[32]

Бул операциялар кээ бир араб өлкөлөрүндө мыйзамсыз. Египетте гименди калыбына келтирүү боюнча каражаттарды сатуу акыркы 10 жылда “намыс үчүн” өлтүрүүлөрдү 80%га кыскарткан.[33] 2020-жылы Нидерландарда профессионал хирургдар ассоциациялары гименопластикага тыюу салуу үчүн кодекстерин өзгөртүштү жана өкмөт эгер практика улана берсе, мыйзамдуу түрдө тыюу салууну карай турганын билдирди.[34] Улуу Британиянын өкмөтү 2022-жылдын январь айынды саламаттыкты сактоо жана кам көрүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна түзөтүү киргизгенден кийин гименопластиканы мыйзамсыз кылууну көздөөдө.[35]

Шиштемелер: түзөтүү

  1. Laura M. Carpenter (2005). Virginity Lost: An Intimate Portrait of First Sexual Experiences. NYU Press. бет 295. ISBN 978-0-8147-1652-6.
  2. Hanne Blank (2008). Virgin: The Untouched History. Bloomsbury Publishing USA. ISBN 978-1-59691-011-9.
  3. 3.0 3.1 3.2 Linda Rae Bennett (2005). Women, Islam and modernity: single women, sexuality and reproductive health in contemporary Indonesia. Psychology Press. Бет 19–21. ISBN 978-0-415-32929-3. https://books.google.com/books?id=JaA1kxjMebEC&pg=PA19 Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  4. Heger, Astrid; Emans, S. Jean; Muram, David (2000). Evaluation of the Sexually Abused Child: A Medical Textbook and Photographic Atlas (Second ed.). Oxford University Press. p. 116. ISBN 978-0-19-507425-3.
  5. Lardenoije, Céline; Aardenburg, Robert; Mertens, Helen (2009). "Imperforate hymen: a cause of abdominal pain in female adolescents" https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC3029536/ Зиярат күнү: жалган курандын 18, 2022.
  6. Carole Jenny, Mary L. D. Kuhns; Fukiko Arakawa. Hymens in Newborn Female Infants. Pediatrics (1987) 80 (3): 399–400. https://publications.aap.org/pediatrics/article-abstract/80/3/399/54643/Hymens-in-Newborn-Female-Infants?redirectedFrom=fulltext Зиярат күнү: жалган курандын 18.
  7. Radostina D. Miteva. Аннулярдык гимендеги дефлорациянын локализациясы жана саны. http://jbcr.mu-pleven.bg/pdf/vol2no1supp1/40.pdf Жалган курандан 28, 2022.
  8. Emma Curtis, Camille San Lazaro (1999). "Appearance of the hymen in adolescents is not well documented". BMJ: British Medical Journal. 318 (7183): 605. doi:10.1136/bmj.318.7183.605
  9. 9.0 9.1 Ranit Mishori, Hope Ferdowsian, Karen Naimer, Muriel Volpellier, Thomas McHale. The little tissue that couldn’t – dispelling myths about the Hymen’s role in determining sexual history and assault. Reprod Health. 2019; 16: 74. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC6547601/ Зиярат күнү: жалган куран айынын 18, 2022.
  10. Joyce A Adams, Ann S Botash, Nancy Kellogg. Differences in hymenal morphology between adolescent girls with and without a history of consensual sexual intercourse. Arch Pediatr Adolesc Med. 2004 Mar; 158(3):280-5. doi: 10.1001/archpedi.158.3.280. https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/14993089/ Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  11. Emma Curtis, Camille San Lazaro, Appearance of the hymen in adolescents is not well documented. BMJ. 1999 Feb 27; 318(7183): 605. doi: 10.1136/bmj.318.7183.605. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC1115047/ Кирүү күнү: жалган куран айынын 18б 2022.
  12. Weis, David L. (1985). The experience of pain during women's first sexual intercourse: Cultural mythology about female sexual initiation. Archives of Sexual Behavior, 14(5), 421–438. https://doi.org/10.1007/BF01542003
  13. Heger, Astrid H.; Emans, S. Jean, eds. (2000). Evaluation of the Sexually Abused Child: A Medical Textbook and Photographic Atlas (2nd ed.). New York: Oxford University Press. pp. 61–65. ISBN 9780195074253. https://journals.lww.com/jrnldbp/Citation/1993/12010/Evaluation_of_the_Sexually_Abused_Child__A_Medical.13.aspx Кирүү күнү: жалган куран айынын 18, 2022.
  14. Reading, Richard (2007). "Healing of hymenal injuries in prepubertal and adolescent girls: a descriptive study". Child: Care, Health and Development. 34 (1): 137–138.
  15. Emans, S.Jean; Woods, Elizabeth R.; Allred, Elizabeth N.; Grace, Estherann. "Hymenal findings in adolescent women: Impact of tampon use and consensual sexual activity". The Journal of Pediatrics (1994).
  16. Учреждения Организации Объединенных Наций призывают запретить тестирование на девственность (тогуздун айынын 17, 2018). https://www.who.int/ru/news/item/17-10-2018-united-nations-agencies-call-for-ban-on-virginity-testing Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  17. Schlegel, Alice (1991). "Status, Property, and the Value on Virginity". American Ethnologist. 18 (4): 719–734. doi:10.1525/ae.1991.18.4.02a00050.
  18. A. Leigh, Jennifer (June 27, 2009). "Male Virginity Myths". Psychology Today. Retrieved October 9, 2011. https://www.psychologytoday.com/intl/blog/guide-teen-girls/200906/male-virginity-myths Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  19. Guttmacher Institute (2003) In Their Own Right: Addressing the Sexual and Reproductive Health Needs of Men Worldwide. pages 19–21. https://www.guttmacher.org/sites/default/files/pdfs/pubs/itor_intl.pdf Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  20. https://islam-today.ru/zhenshhina_v_islame/devstvennost/ Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  21. Куран, Абу Адель котормосу. https://quran.com.ua/meal/abu-adel/24 Кирүү күнү: жалган курандын 18.
  22. Инжил түшүндүрмөсү. http://bible.optina.ru/new:evr:13:04 Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  23. 23.0 23.1 https://allbible.info/bible/sinodal/1co/6 Кирүү күнү: жалган курандын 18, 2022.
  24. Stagg, Evelyn and Frank. Woman in the World of Jesus. Philadelphia: Westminster, 1978. ISBN 0-664-24195-6
  25. Matthew 1:18 https://www.biblica.com/bible/?osis=niv:Matthew%201:18 Кирген күнү: жалган курандын 18, 2002.
  26. Лука 1:26-35 https://www.biblica.com/bible/?osis=niv:Luke%201:26%E2%80%9335 Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  27. https://www.vatican.va/archive/ENG0015/__P1K.HTM Кирген күнү: жаоган курандын 18, 2022.
  28. Merriam-Webster's encyclopedia of world religions by Merriam-Webster, Inc. 1999 ISBN 0-87779-044-2 page 1134.https://books.google.kg/books?id=ZP_f9icf2roC&printsec=frontcover&dq=isbn:0877790442&hl=ru&sa=X&redir_esc=y#v=onepage&q&f=false Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  29. The Five Precepts, https://www.accesstoinsight.org/ptf/dhamma/sila/pancasila.html Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  30. To Cunda the Silversmith, translated from the Pali by Thanissaro Bhikkhu, https://www.accesstoinsight.org/tipitaka/an/an10/an10.176.than.html Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  31. Saddhatissa, Hammalawa (December 1987). Buddhist Ethics: The Path to Nirvana. Wisdom Pubns; New Ed edition. p. 88
  32. Independent report of Department of Health and Social Care UK. Hymenoplasty: background pape. https://www.gov.uk/government/publications/expert-panel-on-hymenoplasty/hymenoplasty-background-paper#fnref:5 Жалган курандын 28, 2022.
  33. Sara Paterson-Brown. Commentary: Education about the hymen is needed. BMJ VOLUME 316 7 February 1998). Бет 461. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC2665576/pdf/9492680.pdf Кирген күнү: жалган курандын 18, 2022.
  34. Голландиялыктар "кыздыкты оңдоо операцияларына" жана 'эрте никеге турууга катуу киришет. https://www.dutchnews.nl/news/2020/02/dutch-get-tough-on-virginity-repair-ops-and-child-marriage/ Жалган курандын 28, 2022.
  35. Улуу Британияда кыздыкты текшерүү жана гименопластикагатыюу салынат. https://www.independent.co.uk/life-style/women/virginity-testing-hymenoplasty-banned-uk-b2000455.html Жалган курандын 28, 2022.