"Кызматтагы махабат" (орус. Служебный роман) - советтик көркөм тасма, эки сериядан турган лирикалык трагикомедия. Режиссеру - Эльдар Рязанов. Тасма 1977-жылы "Мосфильм" киностудиясында тартылган; 58 млн киши көрүп, 1978-жылдагы прокаттардын алдыңкысы болгон.

1979-жылы РСФСРдин "Бир тууган Васильевдер" атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган.

Жаралуу баяны түзөтүү

1971-жылы дайымкы авторлошу Эмил Брагинский менен биргеликте экинчи бөлүгү "Туугандар" (орус. Родственники) болгон дилогиянын биринчи бөлүгү -"Кызматташтар" пьесасын жазган.

Оюн ошол эле жылы Москвада Вл. Маяковский атындагы Театрда, Ленинграддагы Комедия театрында, кийин ондогон правинциалык театрларда коюлган. "Кызматташтар" бардык жерде ийгиликтүү болуп, Эльдар Рязановду пьесанын негизинде тасма тартууга шыктандырган. Бирок, өзүнүн айтышынча буга түздөн-түз комедиянын ийгиликсиз телепостановкасы түрткү болгон.

Тасманын бет ачары 1977-жылы 26-октябрда Москвада болгон; "Кызматташтар" дароо популярдуу советтик тасмалардын бири болуп чыга келген. Тасма 1979-жылы РСФСРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Башкы каармандар түзөтүү

  • Алиса Фрейндлих — Людмила Прокофьевна Калугина (Мымра), Новосельцевдин ашыгы жана статистика мекемесинин директору
  • Андрей Мягков — Анатолий Ефремович Новосельцев, тасманын протагонисти, Калугинанын ашыгы, Самохвалов менен Ольга Рыжованын курсташы жана коллегасы
  • Светлана Немоляева — Ольга Петровна Рыжова, Новосельцев менен Самохваловдун курсташы жана коллегасы, Новосельцевдун жосу жана Самохваловдун мурунку ашыгы
  • Олег Басилашвили — Юрий Григорьевич Самохвалов, тасманын башкы терс каарманы, Новосельцев менен Рыжованын курсташы, Рыжованын мурунку ашыгы, статистика мекемесинин директорунун орун басары
  • Лия Ахежакова — Верочка, Калугинанын секретаршасы
  • Людмила Иванова — Шура, профсоюздун активисти

Сыйлыктар түзөтүү

  • 1978 - Жылдын мыкты тасмасы, Алиса Френйдлих жана Андрей Мягков - жылдын мыкты актерлору ("Советский экран" журналынын сурамжылоосуна ылайык)
  • 1979 - сценарийдин авторлошу Эмил Брагинскийге, сценарийдин авторлошу жана режиссеру Эльдар Рязановго жана оператор Владимир Нахабцевге,
  • актерлор Андрей Мягковго, Олег Басилашвилиге жана Лия Ахежаковага
  • РСФСРдин бир тууган Васильевдер Мамлекеттик сыйлыгы.

Шилтемелер түзөтүү