Кызылкыя жумушчу депутаттар совети

Кызылкыя жумушчу депутаттар совети – Кыргызстан жумушчуларынын алгачкы совети. 1917-жылы 6-мартта шаардын кенчилери түзгөн. Ошол жылы 26-апрелдеги шайлоодо жумушчу большевик И.И.Едренкин советтин төрагалыгына шайланган. Советтер жумушчу табынын мүдөөсүн жактаган. Анын кызыл гвардиячыл жумушчу кошууну Кокон автономиясын талкалоого катышкан жана совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү