Кызылкыя кенчилеринин иш таштоосу

Кызылкыя кенчилеринин иш таштоосу – Кызылкыя шаарында 1905-жылы апрельде болгон төрт күндүк иш таштоошондой Кенчилер иш таштоодо эмгек акыны көбөйтүүнү, штрафтарды жоуюну, сегиз сааттык жумуш күнүн киргизүүнү, сөз, чогулуш жана уюмдашуу эркиндигин, эмгекчилердин тилектештигинин күнү 1-майды майрамдоону талап кылышкан. Кендин кожоюндары Жаңы Маргалаң шаарынан жазалоочу кошуун чакырткан. Ал көп улуттуу кызылкыя кенчилеринин иш таштоосун баскан. Он эки жумушчу камакка алынган, 2 жумушчу оор жарадар болгон. Бул иш таштоо түштүк кыргызстандык кенчилердин алгачкы чыгууларынан болгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү