Кызыл-Кечит опал кениЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Сумсар шаарчасынан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1140–1170 м бийиктикте. 1985-ж. геол. cъемка ишин жүргүзүүдө табылган. Кесилишинде 10–15 см өлчөмдө болгон опал желвактары бухара жана сузак кызыл түстөгү терриген катмарларынын мергель кабатында учурайт. Опалдын өңү түтүн сымал, көгүш-боз, кызгылт-боз. Опал декаративдүүлүгү боюнча зергердик кооз таш катары колдонууга жарамдуу. Болжол ресурсу 2250 м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү