Кызыл-Ой орто мектеби
Кызыл-Ой орто мектеби - Түркмөн атындагы Суусамыр айыл округуна караштуу Кызыл-Ой кыштагында.
Элдин сабатсыздыгын жоюу алгач 1920-28-жылдары башталган.
Окутуу үчүн атайын имарат жок болгондуктан Чардын башындагы боз үйлөрдө окутушкан. Кийинчерээк 1930-32-жылдары Түркмөндүн мечитинде келини Сапия окутат. Ал эми 1933-жылы Түркмөн жашаган үй 7 жылдык мектеп болуп ачылган, 1960-жылы Фрунзе атындагы негизги, 1969-жылдан орто мектеп. 1958-жылы 7 жылдык мектептин курулушу башталып (директору Каңкиев Качкын), 1962-жылы мугалимдердин, окуучулардын күчү менен бүткөрүлгөн (директору Бейшеналиев Муса болгон).
1973-74-окуу жылында мектептин жаңы имараты курулган (директору Табалдиев Акмат). Мектеп 1992-жылкы жер титирөөдөн толугу менен кыйроого учураган. Ошол эле жылы замандын талабына ылайык 220 орундуу жаңы мектеп Швейцария мамлекети тарабынан бөлүнгөн грантка курулган (директору Келдиев Николай). Андан кийин 1995-2005-жылдары Макешова Замира мектепти жетектеп турган мезгилде көптөгөн алгылыктуу иштер жасалып, мектептин айланасы жашылдандырылып, бак-дарак отургузулду.
2005-жылдан Кулуев Шайбек директор болуп иштейт. Учурда мектепке 181 окуучу тарбияланып, 21 мугалим (а. и. 18 жогорку, 3 орто билимдүү, 6 эл агартуунун отличниги, 7 жогорку категориядагы, 8 биринчи категориядагы, 2 экинчи категориядагы) эмгектенет. Мектепке 1993-жылы Түркмөн Сарпек уулунун наамы ыйгарылган. Мектепте элге билим берүүнүн отличниги, эмгек сиңирген мугалим, акын жана Кыргыз Мамлекетинин Гимнинин авторлорунун бири Кулуев Шабданбек иштейт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9