Кызыл Гвардиянын Кыргызстандагы кошуундары

Кызыл Гвардиянын Кыргызстандагы кошуундары 1917-жылы декабрь–1918-жылдын мартында уюштурулган. Алар Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Алгачкы кошуундар Кызылкыя, Сүлүктү жана Бишкек шаарларында түзүлгөн. Кызыл гвардия кошуундарын түзүүгө мүмкүн болбогон жерлерде элдик милиция уюштурулган. 1918-жылы Кызыл Гвардиянын Кыргызстандагы кошуундары Кызыл Армиянын улуттук жана жергиликтүү бөлүктөрү болуп кайра түзүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү