Кызыл бел мөңгүлөрү - Ички Теңир-Тоодо, Жетим кырка тоосунун түн. капталында.

Кичи Нарын д-нын алабында жайгашкан ири үч мөңгү. Чыгышындагысы өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,7 км, аянты 3,7 км2; башы 4850 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Ортоңкусу төрөрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,2 км, аянты 3,3 км2; башы 4930 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Батыш Кызыл бел мөңгүсү – өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2; башы 4540 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн башталган Кызылбел суусу Жаманечки суусу м-н кошулуп, Бурканга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2