Кызыл от (лат. Bothriochloa) – дан өсүмдүктөр тукумундагы уруу. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчасынан өсүп чыгат. Сабагынын бийикт. 30-60 см. Машакчалары манжадай, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Гүлдөрүнүн түсү кочкул кызыл, күрөң кызыл. Жер жүзүндө 150, Борбордук Азия жана Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар көп учурда боздөң өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Адырдагы, бөксө тоодогу суу боюнда, нымдуу жерлерде өсөт. Малга тоют чөп.

Bothriochloa pertusa.

Колдонулган адабияттар түзөтүү