Кызыл учкун — 1927-жылы Кыргыз педагогикалык техникумунда уюшулган адабий ийрим. Ага кыргыздын 1920-жылдары жаңыдан өсүп келаткан чыгармачыл интеллигенциясы, адабият менен искусствого шыктуу жаштар (У. Абдукаимов, М. Абдукаримов, А. Айылчинов, Т. Байжиев, К. Баялинов, З. Бектенов, Ж. Бөкөнбаев, М. Дөгдүров, К. Жантөшев, Т. Жолдошов, К. Жумашев, К. Ибраимов, А. Идирисов, С. Карачев, Ш. Көкөнов, К. Маликов, С. Нааматов, К. Рахматуллин, Т. Саманчин, С. Сасыкбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Элебаев, К. Эшмамбетов жана башка) топтолгон. Ийрим расмий болбосо да, бардык чыгармачыл уюмдардын милдетин аткарган. Ийрим кийин (1932) Кыргыз педагогикалык институту ачылганда да иштеген. Көптөгөн кыргыз акын-жазуучу, адабиятчы, педагог жана башка кесип ээлери « Кызыл учкундан» таалим алышкан.

«Кызыл учкун» ийрими. 1927-жылы. Биринчи катарда: Кубанычбек Маликов, Ташим Байджиев, Мамасалы Абдукеримов. Экинчи катарда: Узакбай Абдукаимов, Зияш Бектенов, Касымалы Жантошев, Саткын Сасыкбаев, Мукай Элебаев. Үчүнчү катарда: Жумаш Кадыров, Жоомарт Бөкөнбаев, Жума Жамгырчиев, Масыралы Кырбашев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү