Кыймылдаткыч — кандайдыр бир энергияны механикалык жумушка өзгөртүүчү түзүлмө. Кыймылдаткыч түрдүү машиналарды, кургакта, сууда, абада, космосто учуучу транспорт каражаттарын, өндүрүштүк техникалык жабдууларды, коммуналдык жана тиричилик приборлорун жана башка аракетке келтирет. Алгачкы механикалык Кыймылдаткыч – суу дөңгөлөгү Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө сугат системасында пайдаланылган. 18 кылымдын башында отун энергиясын пайдаланган буу кыймылдаткычтары пайда болгон. 19-кылымдын экинчи жарымында жылуулук Кыймылдаткычтын эки жаңы тиби — буу турбинасы жана ичинен күймө кыймылдаткыч түзүлгөн. 1860-ж. француз механик Э. Ленуар алгачкы ичинен күймө кыймылдаткычты долбоорлогон. Германияда 1876-ж. Н. Отто 4 тактылуу газ Кыймылдаткычын, 1897-ж. инженер Р. Дизель кысылуудан тутануучу Кыймылдаткычты түзгөн. Андан кийин гидротурбинанын түзүлүшү өркүндөтүлүп, жыйынтыгында гидроэнергетикалык агрегаттарды жана ГЭСтерди курууга алып келди. Булардан тышкары электрдик, реактивдүү кыймылдаткычтар жана башка бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү