Кыйшык корум гүл (лат. Alajja anomala (Juz.) Jkonn), (Erianthera anomala Juz.) - Көп жылдык, тамыр-сабактуу, жыш баркыт кийиздей түктүү буласынан ак буурул көрүнгөн өсүмдүк. Жалбырактары бүтүн кырдуу же бир аз тишчелүү, сабактын тегиндегилери – кичине, жалбырак саптуу. Гүлүнө жакын жалбырактары ири, жалбырак сапсыз, кичирээктери бүтүн кырдуу, жалбырак саптуу. Жалбырак тишчелери билинер- билинбес. Гүл жан жалбырактары ири, гүл отургучу кыска. Гүлдөрү 2-4 жалган мутовкада. Гүл коргону ири, узундугу 3-4 мм, кызгылтым-сыя, сырты жумшак түктүү, узундугу 1,5-2 см, туурасы 3-4 мм жана эки эриндүү бүгүлгөн түтүкчөлүү. Үстүңкү эрини бошомук сымал, айчыктуу, төмөнкүсү – имерилген, үч калакчалуу, ири тилинген ортоңку калакчалуу, эки четкилери болсо кичирээк, бүтүн.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлң-августта гүлдөйт. Уругу аркылуу жана вегетативдик жол менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстан: Ички Тянңшанң (Тогузторо, Актеке тоосу) жана Алай кырка тоолору.

Өсүү шарттары түзөтүү

Алңпы жана субнивалдык алкактардын тик, таштактуу түштүк беттери. Шагылдар.

Саны түзөтүү

Анча көп эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аныкталбаган.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жалпы эле бийик тоолордун жаратылышын коргоого байланыштуу түрдүн өскөн аймактарын корукка алуу.

Статусу түзөтүү

VU. Тоолуу Борбордук Азиянын эндеми. Сейрек учуроочу түр, бийик тоолордо гана кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү