Кыйыр — чүкө оюнунун бир түрү. Оюнга эки же андан көп бала (киши) катышат. Катышуучулардын баары бирден чүкө тигип, сака калчашып, кезек менен атышат. Биринчи атып, чүкөгө тийгизген жана сакасын айкүр тургузган оюнчу чүкөнү алат. Эгер атканда сака бөк же чүкө түшсө(же тескеринче түшсө), ошол гана чүкөнү алат. Сака чүкөгө тийир таа консо(же чүкөгө тийбесе), чүкө алынбайт. Оюнчулар бир сыйра атып бүткөн соң, экинчи сыйра атышууда кимдин сакасы чүкөлөрдөн алыс болсо, ошол биринчи атат да, сакасы кыйырдай(чүкөлөрдү кол менен шилей) турган жакын жерге түшүп, сакасы айкүр турса, бүт чүкөнү алат. Эгер кайырга эңкейип жетпей, жер таянып жетсе, «тайнеке-сулаке» деп биринчи озунуп айтса, жата калып сакасы менен чүкөлөрдү шилеп алат. Эгер андан кийин атуучу балдардын бирөө озунуп «тайнеке-сулаке» меники деп койсо, ага чейинки балдардын эч кимиси жата калып шилебей, жалпы тартипте чүкөнү мээлеп алып, кийинки кыйырдоочу кезкгин күтөт. Оюн улана берип, тигилген чүкөлөр бүткөндө, кайра башынан ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү