Кыйыр Сөз «Манас» эпосунда көп учурда каармандардын айткан сөзү ал кандай айтса, дал ошондой кайталанбастан манасчы тарабынан өзгөртүлүп, бирок жалпы мааниси бурмаланбай берилет. Мисалы, Чоң казаттагы бир эпизоддо Коңурбайга Ушаңдын айткан сөзүн Сагымбай Орозбак уулу тике сөз түрүндө эмес, К. с. катары айттырат:

Өтпөгүн дедим мен деди,

Өлөт белең сен деди,

Кой дегенмин мен деди,

Коркот белең сен деди.

Өзгө адам ага бара албайт,

Алмамбетти кетирбей,

Өзүң кармай бер деди (Сагымбай Орозбаков, 4. 303) же Алмамбеттин төл сөзү мындайча К. с-гө айландырылат:

Ал жерде Алмаң кеп айтып, Аңдагын, баатыр деп айтып, Калдык жакын калаага, Кагышып калып капырга Калбайлык кара балаага (Сагымбай Орозбаков, 4. 254).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4