Кыйыштыруу - бир өсүмдүктү экинчисине калемчеси же бүчүрү (көзчөсү) аркылуу улоо. К-да өсүмдүктөрдүн төмөнкүсү – кыюу асты, үстүңкүсү – кыюу үстү деп аталат. Кыйыштырууда кыюу асты менен кыюу үстүнүн камбийлери бири-бирине кыналып, натыйжада алар биригип өсүп, бирдиктүү өсүмдүк организмин пайда кылат. Багбанчылыкта К. – мөмө өсүмдүгүнүн керектүү сортун вегативдик жол менен көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. К-нун максаты: тамыры топурак-климат шартына көнүкпөгөн (тоңгон, ашыкча нымды көтөрө албаган жана башка) кыюу астын алмаштыруу: кыюу үстүн чарбалык жактан баалуу, суукка чыдамдуу, илдет, зыянкечке туруктуусу менен алмаштыруу; бийик же жапыз, кооз же төшөлмө өскөн өсүмдүк түрүн алуу. К-нун жүздөгөн ыкмасы бар, бирок алардын 10-15 түрү колдонулат. Айрым классификация боюнча К-нун 2 түрү бар: 1) бүчүр (көзчө аркылуу К. (окулировка), 2) бир нече бүчүрү бар калемче аркылуу К. (копулировка). Башка классификация боюнча: бүчүр, калемче, түтүк (бүчүрү бар кабык шакекчеси) аркылуу жакындаштырып К., үрөндү кыюу астынын тамырына өстүрүп К., бир уруктун түйүлдүгүн экинчисине көчүрүп К-га бөлүнөт. Булардын алгачкы 5 ыкмасы багбанчылыкта, кийинки 2 чөп өсүмдүктөрүн К-да колдонулат. К. кышкы, жазгы, жайкы болуп бөлүнөт. Кышкы К. өсүмдүктүн тыным мезгилинде, кыштын 2-чи жарымында үйдө, жылытма жерге, жазгы К. аба ырайынын шартына жараша март-июнда, жайкы К. июлдан-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Бүчүрү менен К. мөмө дарактарын питомникте көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. Кыюу асты үчүн питомникте 1-жылы өстүрүлүп жаткан көчөт алынат. Анын кабыгы оңой ажыраш үчүн камбийдин тез өсүшүнө шарт түзүлүп (илдет, зыянкечтен корголуп, түптөлүп, сугарылып) даярдалат. Калемчелеп К-да кыйгач кесип, “тилче” аркылуу тилкелеп, боорунан тилип, шынаа түрүндө, көпүрөчө, кабык астына улоо болуп бөлүнөт. Түтүк аркылуу кыйыштырууда кыюу астынын кабыгы кыйыштырылуучу жерден эки жолу тегерете шакекче түрүндө кесилип, дарактан ажыратылып, алынып ташталат. Жакындаштырып К. же аблактировкада кыюу үстү өскөн өсүмдүгүнөн ажыратылбастан кыюу асты менен бириктирилет да, алар биригип өскөндөн кийин ажыратылат.

Кыйыштыруу.
Кыйыштыруу (Алма).

Колдонулган адабияттар түзөтүү