Кылжыев Аскарбек Алыгулович

Кылжыев Аскарбек Алыгулович (1945-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - жогорку категориядагы соода кызматкери.

  • Фрунзе шаарындагы кооперация техникумун (1963), Самарканд шаарындагы Куйбышев атындагы Кооперация институтун бүтүргөн (1968).
  • Эмгек жолун 1963-ж. Суусамыр керек-жарак коомунда сатуучу болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1966-ж. кампачы жана коомдук тамактануучу жаидын башчысы,
  • 1967-70-жылдары Ысык-Көл районундагы Ананьев айылдык керек-жарак коомунда бөлүм башчысы,
  • 1970-73-жылдары Түп районунун Кутургу айылдык керек-жарак коомунда башкарманын орун басары,
  • 1973-76-жылдары Тоң районундагы Ак-Терек айылдык керек-коомунун башкармасы,
  • 1976-77-жылдары Аламүдүн районундагы «Коопхозторгдун» директору,
  • 1977-90-жылдары Кыргыз ССР соода министрлигине караштуу Фрунзе жашылча-жемиш бирикмесинде адис, соода бөлүмүнүн башчысы, даярдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
  • 1990-94-жылдары « Кыргызинтурист » акционердик коомунда коммерция бөлүмүндө башчы,
  • 1994-99-жылдары «Азамат» фирмасынын директору,
  • 1999-2009-жылдары Суусамыр айылдык керек-жарак коомунун башчысы болгон.
  • Ысык-Көл облустук, Кыргыз керек-жарак коомунун жана Соода министрлигинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Токтогон уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9