Кылжыр - геноним. Элдик генеалогиянын маалыматтарында бугу жана сарыбагыш урууларынын түпкү атасы катары айтылат. Кылжыр - орто кылымдагы (16-к.) жазылган «Мажму ат- Таварихте» (Сейф ад-Дин Аксыкенди) Гыл(д)жыр формасында Тагай баатырдын уулу катары баяндалган. «Кылжыр» - учурда Түштүк Алтайдагы дарыянын аталышы катары маалым. Генонимдин келип чыгышында Түштүк Алтайдагы кездешкен жогорудагы топонимикалык аттын байланышы болуусу толук мүмкүн. Буга Түштүк Сибирь жана Кыргызстандын аймагында кездешкен окшош, кай- таланган топонимикалык аталыштар далил боло алаары шексиз. Мисалы, Кулунду, Кемин, Чүй, Нарын, Ачы, Кызыл-Сеңир жана башка. Топонимикалык, гидронимикалык жалпы параллелдүүлүктөрдү изилдөө кыргызтаанууда жаңы ачылыштарды жаратары шексиз. Кылжыр - азыркы кыргыз тилинде «мойну кыйшык», «мойну кыйшайган» деген маанини туюнтат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү