Кылкуйрук, карабоор (лат. Syrhaptes paradoхus) – карабоорлор түркүмүндөгү чымчык. Уз. 40 смге жакын. К. Ысык-Көл, Кочкор ойдуңдары жана Ат Башы, Нарын өрөөндөрүндө көп кезигет. Ал топ топ болуп жашайт. Көбүнчө көлдүн, дарыялардын кургак таштуу жээктеринде отурукташкан түр. Бир жылда эки жолу 2-3 жумурткаларын тууйт. К. өсүмдүктөр уруктары, мөмөлөрү, гүлдөрү менен азыктанат. К-тун саны аз болгондуктан корукка алынып, Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.

Кылкуйрук.

Колдонулган адабияттар түзөтүү