Кылмыш-жаза мыйзамы – тигил же бул жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам актысы. Жазык укугун толук бириктирп алган күндө да, «К.-ж. м.» деген түшүнүк «кылмыш-жаза кодекси» деген түшүнүккө караганда кенендик кылат, анткени ал КЖКга. киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду да өзүнө камтып турат. К.-ж. м. К-ЖКда так ушул маанисинде колдонулат. Жосундун кылмыштуулугун жоюучу, жазаны жумшартуучу же дагы башка жолдор аркылуу кылмыш жасаган адамдын абалын жакшыртуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ, анткени ал мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай жосун жасаган, анын ичинде жазасын өтөп жаткан же жазасын өтөп бүткөн, бирок соттолгондугу алына элек адамдарга карата таркатылат. Кылмыш жосунун аныктоочу, жазаны күчөтүүчү же дагы башка жолдор аркылуу адамдын абалын начарлатуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү