Кылмыш курамы
Бир коомдук коркунучтуу жосунду кылмыш катары мүнөздөгөн объективдүү жана субъективдүү белгилердин жыйындысы. К. к-нын объективдүү белгилерине – кылмыштын субъектиси жана кылмыштын объективдүү тарабы кирет. К. к-нын субъективдүү белгилерине: кылмыштын субъекти жана кылмыштын субъективүү тарабы кирет. Ушул белгилердин мазмуну боюнча кылмыштын бир түрү башка түрүнөн айырмаланат (м.: уурдоо талап-тоноодон кылмыштын объективдүү жана субъективдүү тараптары боюнча айырмаланат.). Кылмыштуу колсалуулардан кылмыш-жаза мыйзамы менен корголуучу коомдук мамилелер кылмыштын объектиси болуп саналат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7